КӨРӨ ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, «буга караганда», «буга салыштырганда» деген маанини билдирет. Шамдан көрө терезеден түшкөн айдын шооласы жарыкты алда канча көп бергидей («Чалкан»). Андан көрө Каныбектин өмүрүн тиле (Жантөшев). Бизден көрө сен көптү көргөн, көптү билген адамсың («Ала-Тоо»).